Нарын району боюнча пробация кеңешинин жыйыны болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Нарын району боюнча пробация кеңешинин жыйыны болуп өттү
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Орозказиева Анара Жээнбековнанын төрагалыгы астында Нарын району боюнча пробация кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Жыйынга пробация кеңешинин мүчөлөрү: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Нарын району боюнча пробация органынын кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Нарын райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын жардамы менен пробация кардарларына материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүлгөндүгү тууралуу кыскача маалымат берди.
Мамлекеттик материалдык резервдик фонддон пробациянын 14 кардарына бир мүшөктөн ун берилди.
Пробация кеңешинин отурумунун жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:
Муктаж болгон кардарларга социалдык жана материалдык жардам көрсөтүү.
Пробация органында каттоодо турган кардарларга жоголгон документтерди калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү.
Укук бузуулар жөнүндө кодексте катталган кардарлар менен иштөөгө Айыл өкмөтүн милдеттендирүү.