Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштурган Спартакиада болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштурган Спартакиада болуп өттү.
2022- жылдын 30-июнь жана 1-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштурган Спартакиада болуп өттү.
Спартакиадага Свердлов, Ленин, Октябрь жана Биринчи май райондук пробация бөлүмдөрүнүн кардарлары катышты. Кардарлар спорттун үч түрү: кичи-футбол, волейбол жана дартс боюнча таймашышты .
Мелдештин жыйынтыгында кичи футбол боюнча 1-орунду Октябрь райондук пробация бөлүмүнүн кардарлары , волейбол боюнча Биринчи Май райондук пробация бөлүмүнүн кардарлары, ал эми дартс боюнча Свердлов райондук пробация бөлүмүнүн кардарлары ээлешти. Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, медалдар, дипломдор жана грамоталар тапшырылды.
Спартакиада пробациянын кардарларын ресоциалдаштыруу алкагында, ошондой эле кардарлардын арасында сергек жашоо образын, дене тарбия жана спортту жайылтуу максатында өткөрүлдү.