"Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тармагын колдоо: (бардыгына сот адилеттүүлүгү) жаңы долбоорун ишке киргизүү боюнча иш-чара өткөрүлдү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / "Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тармагын колдоо: (бардыгына сот адилеттүүлүгү) жаңы долбоорун ишке киргизүү боюнча иш-чара өткөрүлдү.
2022-жылдын 22-июнунда Европа Биримдиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тармагын колдоо: (бардыгына сот адилеттүүлүгү) жаңы долбоорун ишке киргизүү боюнча иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын юстиция министри А. Баетов, юстиция министринин орун басары А. Зарылбек уулу, Пробация департаментинин директору К.Казаков, пробация кызматкерлери жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, долбоордун алкагында реформанын эки маанилүү багыты: пробация жана жазык сот адилеттиги жаатындагы маалыматтарды башкаруу маселелери каралат. Жыйынтыгында, пробациянын кардарларын реабилитациялоону камсыз кылган жана сот адилеттиги секторун автоматташтыруу жана санариптештирүү контекстинде гендердик маселелерди жана адам укуктарын эске алуу менен сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүчү функционалдык пробация кызматы түзүлөт.
Долбоор Европа Биримдиги тарабынан, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте каржыланат. Долбоордун узактыгы: 48 ай (январь 2022 - декабрь 2025.