Пробация органдарына мониторинг жүргүзүү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация органдарына мониторинг жүргүзүү.
7-8-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен, пробация органдарына мониторинг жүргүзүүнү уюштурууга арналган эки күндүк иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Пробация департаментинин жетекчилиги, пробация органдарынын кызматкерлери жана эл аралык эксперттер катышты.
Конференциянын жүрүшүндө төмөнкү суроолор каралды:
- Япониянын тажрыйбасынын негизинде пробациялык көзөмөлдүн сапатын баалоо;
-Индонезия тажрыйбасы боюнча пробация кызматтарынын стандарттык текшерүүлөрү;
-Латвиянын тажрыйбасынын негизинде мамлекеттик пробация кызматында ички тартипти көзөмөлдөө жана сапат стандарттарына мониторинг жүргүзүү;
- Европа өлкөлөрүнүн пробация органдарынын мониторингин уюштуруудагы тажрыйбасын жана натыйжалуулугун талкуулоо.
Ошондой эле берилген баалоо жана мониторинг жүргүзүү методдорунун жыйынтыгы чыгарылып, аларды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө практикалык тестирлөө жүргүзүлдү.