Пробациянын кардарлары менен биргеликте футбол боюнча турнир болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробациянын кардарлары менен биргеликте футбол боюнча турнир болуп өттү.
20-майда Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти тарабынан «Жаштык»спорт комплексинде уюштурулган футбол боюнча турнир болуп өттү.
Ачылыш аземине Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу, «Жаштык» спорт комплексинин жетекчиси жана Пробация департаментинин жетекчилиги катышышты.
Таймашта Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин, Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгынын (мындан ары ААБ) кызматкерлери менен биргеликте пробациянын кардарлары да ойношту.
Турнирдин жыйынтыгында 4-орунга ААБ Чыгыш, 3 - орунга ААБ Батыш, 2-орунга Юстиция министрлиги жана 1-орунга Пробация департаменти ээ болушту.
Ошондой эле өзгөчөлөнгөн катышуучулар атайын грамоталар менен сыйланышты.
Мыкты дарбазачы Юстиция министрлигинин кызматкери Е.Э., мыкты чабуулчу Пробациянын кардары М.А., мыкты коргоочу Пробациянын кардары Д.М болуп аныкталды.
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана жакшы оюн үчүн турнирдин катышуучуларына ыраазычылык билдиребиз.