Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов менен жолугушу.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов менен жолугушу.
2022-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин, эсеп жана мониторинг башкармалыгынын башчысы Толубай Джакишев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Пробация департаменти менен Ысык-Көл облусунун администрациясынын ортосундагы мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.
Толубай Жакишев өз кезегинде Ысык-Көл облусунун администрациясына Пробация институтун өнүктүрүүгө кошкон салымы жана Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Маалымат үчүн: Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгына, Ысык-Көл областынын администрациясы тарабынан кызматтык бөлмөлөр бөлүнгөн.