Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жыйыны болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жыйыны болуп өттү.
22-апрелинде Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жыйыны болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар 2022-жылдын 1-кварталында аймактык бөлүмдөр тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгы жана пробация ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны алдын алуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун атайын коногу УКМКнын кызматкери А.А. КР Өкмөтү жана УКМКнын жетекчилиги тарабынан мамлекеттик кызматтагы коррупциянын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын өз сөзүндө белгиледи. Ал, ошондой эле пробация кызматкерлерин кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамды так сактоону өтүндү.
Аймак аралык башкармалыгы тарабынан жетектөөчү адис М.Ногойбаев коррупцияга каршы күрөшүнүн тарыхы боюнча баяндама жасады. Ошондой эле, ар бир райондун кызматкерлери, аткарылган иштери жана пробация кардарларына социалдык жардам көрсөтүүнүн пландары менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, Свердлов району 1-квартал ичинде пробация кардарларын социалдык жактан колдоо жана ресоциализациялоо боюнча эң жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Свердлов райондук бөлүмүнүн башчысы М.Кожобаев пробациянын кардарлары учурда, акысыз медициналык кароодон өтүп, маданий иш-чараларга активдүү катышуу менен өздөрүнүн маданий түшүнүктөрүн жогорулатып жаткандыгын билдирди.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча жетекчи жана башкы адистер тарабынан пробациянын ишиндеги коррупция коркунучун азайтуу, маселеси боюнча коллективде талкуулоо, сунуштарды киргизүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле, айрым аймактарда социалдык коштоо иштерин күчөтүү керектиги, белгиленди.