ТЕГЕРЕК СТОЛ - Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстери.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / ТЕГЕРЕК СТОЛ - Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстери.
ТЕГЕРЕК СТОЛ - Кыргыз Республикасынын жаңы кодекстери.
Талас шаары жана Талас району боюнча пробация органы Талас шаардык сотунун судьялары, Талас облусунун медиация кызматкерлери жана Талас шаардык аксакалдар сотунун төрагасы менен биргелекте тегерек стол өткөзүлдү.
Анда Кыргыз Республикасынын 28.10.2021-жылдагы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү № 126 мыйзамы боюнча талкуулор болду.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча айрым укук бузуулар үчүн каралган коомдук жумушка тартылуу жоопкерчилиги жана аны аткарылышы тууралуу сөз козголуп, азыркы убакта жарандар укук бузууларга барган учурда алардын жашоо шартын эске алып айып пул төлөө ордуна коомдук жумушка тартуу түрүн басымдуурак колдонууда. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча негизги жаза болуп эсептелген коомдук жумушту аткартууда, пробация органы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып баруулары талкууланды.