Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрдү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрдү.
Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы (ААБ) 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрдү.
Бул иш-чарага Пробация департаментинин директорунун орун басары Данияр Молдокул уулу, Социалдык колдоо жана реабилитация бөлүмүнүн башчысы Асел Бектенова, ААБнын башчысы Чагырбеков Нурбек жана жалпы өздүк курамы (онлайн жана офлайн форматында) катышты.
Жыйында аталган ААБнын ар бир району тарабынан аткарылган иштер боюнча отчеттор угулуп, пробация кардарларына социалдык жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.
Пробация департаментинин директорунун орун басары Данияр Молдокул уулу пробациянын кардарларын социалдык жактан колдоо жана реабилитациялоо багытында ишти күчөтүү керектигин баса белгиледи.