Балыкчы шаары боюнча Пробация кеңешинин отуруму болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Балыкчы шаары боюнча Пробация кеңешинин отуруму болуп өттү.
Үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Балыкчы шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Турумбеков Чыңгыз Жээнбековичтин төрагалыгы астында Балыкчы шаары боюнча Пробация кеңешинин отуруму болуп өттү.
Жыйынга Пробация кеңешинин мүчөлөрү: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Балыкчы шаарындагы пробация органынын кызматкерлери катышты.
Пробация кеңешинин мүчөлөрү 2021-жылдын 4-кварталында аткарылган иштер тууралуу маалыматты угуп, жыйынтыгында аткарылган иштерди канааттандырарлык деп табуу чечими кабыл алынды.