“ЖАРДАМ” аталышта Жумгал району боюнча пробация органынын кардарларына бекер социалдык-укуктук кеңеш алуу Жумгал району боюнча пробация органы кызматкерлери тарабынан уюштурулган.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / “ЖАРДАМ” аталышта Жумгал району боюнча пробация органынын кардарларына бекер социалдык-укуктук кеңеш алуу Жумгал району боюнча пробация органы кызматкерлери тарабынан уюштурулган.
Пробация кардарларына кайра социалдаштырууга жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдарын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомствого караштуу мекемелеринин өкүлдөрү менен биргеликте “ЖАРДАМ” аталышта Жумгал району боюнча пробация органынын кардарларына бекер социалдык-укуктук кеңеш алуу Жумгал району боюнча пробация органы кызматкерлери тарабынан уюштурулган.
Иш чараны өткөзүү үчүн Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору, Кадастр мекемесинин Жумгал району боюнча филиалынын жетекчиси, Жумгал райондук аскер комиссариатынын өкүлү, Жумгал райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун өкүлү, Жумгал райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, Жумгал райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана Жумгал райондук калкты паспорттоштуру жана каттоо бөлүмүнүн бөлүмүнүн жетекчиси катышышты.
Жыйынтыгында “ЖАРДАМ” аталышта иш чарага катышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнө пробация органынын 16 кардар суроолор менен кайрылып, тиешелүү социалдык-укуктук жардам, медициналык жардам, консультация алышышты.