Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун «Пробация кеңеши» модулунун ишке ашырылышын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун «Пробация кеңеши» модулунун ишке ашырылышын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында Юстиция министрлигинин Борбордук аппаратында министрдин орун басары К.М.Сманалиевдин төрагалыгы астында «Пробация» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун (мындан ары – «Пробация» АМТ) «Пробация кеңеши» модулунун ишке ашырылышын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Жумушчу кеңешмеге аймактык бөлүмдөрү катышкан жана жергиликтүү деңгээлде пробация системасын түзүүчү министрликтердин катарларынын өкүлдөрү катышты.
Жумушчу жолугушуунун башында пробация департаментинин директору тарабынан "Пробация" АМТ компонентинин бири болуп саналган "Пробация кеңеши" модулуунун бет ачары болду.
Кеңешменин ар бир өкүлүн угуп жана талкуулап, бардык катышкан министрликтер жана ведомстволор «Пробация» АМТнин «Пробация кеңеши» модулуна кошуу боюнча зарыл чараларды көрүү зарыл деген чечим кабыл алынды.
Пробация департаменти бул маселе боюнча окутуучу иш-чараларды уюштурсун жана Кыргыз Республикасынын бардык облустарындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүн "Пробация" АМТсына кошуу боюнча тиешелүү техникалык иштерди жүргүзсүн.
‼️Маалымат катары:
Кеңештин негизги максаты мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун жана башка катышуучулардын пробациялык ишти жүзөгө ашырууга жана өнүктүрүүгө багытталган чараларын координациялоо жана күч аракеттерин бириктирүү болуп саналат.