Бишкек шаарынын Свердлов райондук пробация органы пробациянын кардарларынын турмуштук оор кырдаалдан чыгууга багытталган комплекстүү иш-чараларды өткөрдү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бишкек шаарынын Свердлов райондук пробация органы пробациянын кардарларынын турмуштук оор кырдаалдан чыгууга багытталган комплекстүү иш-чараларды өткөрдү.
Достор, биз пробация кардарларыбызга жардам берүүнү улантабыз!
Ошентип, Бишкек шаарынын Свердлов райондук пробация органы «Жетим балдарын коргоо» коомдук фондунун колдоосу менен пробациянын кардарларынын турмуштук оор кырдаалдан чыгууга багытталган комплекстүү иш-чаралардын негизинде жеке программалардын негизинде пробацияны камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өткөрдү.
Буга байланыштуу 40 пробация кардарларына 369 кг өлчөмүндө сезондук кийим түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле, «СПИД Фонд Чыгыш-Батыш Кыргыз Республикасындагы» коомдук фонду менен биргеликте бир кардарга дары-дармек түрүндө жардам көрсөтүлгөн.
Биз өнөктөштөрүбүзгө пробация кардарларына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз.