Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында КР Юстиция министрлигинин алдындагы бекер юридикалык жардам көрсөтүү декадасынын алкагында «ЖАРДАМ» иш-чарасы болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында КР Юстиция министрлигинин алдындагы бекер юридикалык жардам көрсөтүү декадасынын алкагында «ЖАРДАМ» иш-чарасы болуп өттү.
Бүгүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында КР Юстиция министрлигинин алдындагы бекер юридикалык жардам көрсөтүү декадасынын алкагында «ЖАРДАМ» иш-чарасы болуп өттү.
«ЖАРДАМ» иш-чарасынын негизги максаты - сотко чейинки, аткаруучулук жана пенитенциардык пробациянын кардарлары үчүн кайра социалдаштыруу жана оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү.
Пробациянын кардарларына медициналык, социалдык жана укуктук көйгөйлөрүн андан ары чечүү үчүн мамлекеттик адистерден кеңеш алууга жардам берүү.
Иш-чаранын алкагында ар бир пробация кардары адистерден юридикалык кеңештерди, консультацияларды жана медициналык, социалдык жана укуктук мүнөздөгү сунуштарды ала алышты.