«Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш СПИД Фондунун» коомдук фонду жана Йель университетинин профессору Фредерик Альтис менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / «Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш СПИД Фондунун» коомдук фонду жана Йель университетинин профессору Фредерик Альтис менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Пробация департаментинин “Кыргыз Республикасындагы Чыгыш-Батыш СПИД Фондунун” коомдук фонду менен кызматташуусунун алкагында бүгүн аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Наталья Шумская менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Бул уюм калктын негизги катмарларынын арасында ВИЧтин алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө көп күч-аракет жумшайт.
Бул жолугушуунун учуру Йель университетинин профессору Фредерик Алтистин келиши болду, ал медицина, эпидемиология жана коомдук саламаттыкты сактоо боюнча доктор жана профессор.
Бул жолугушуунун алкагында тараптар опиоиддик көз карандылык – ВИЧ инфекциясы менен ооруган адамдарды аныктоонун жана жөнөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында пробация органдарында кызматташуу жана пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландарын талкуулашты.