10-11-ноябрында Чүй облусунда жана Бишкек шаарында Пробация кеңешинин мүчөлөрү б.а. жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн семинар окуу иш-чараларыбыз аяктады.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 10-11-ноябрында Чүй облусунда жана Бишкек шаарында Пробация кеңешинин мүчөлөрү б.а. жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн семинар окуу иш-чараларыбыз аяктады.
Үстүбүздөгү жылдын 10-11-ноябрында Чүй облусунда жана Бишкек шаарында Пробация кеңешинин мүчөлөрү б.а. жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн семинар окуу иш-чараларыбыз аяктады.
Маалым болгондой, «Оазис» коомдук кайрымдуулук фондунун колдоосу менен пробациянын кардарларын ресоциалдаштыруу боюнча методикалык колдонмо иштелип чыгып, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык пробация органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу жана чыңдоо максатында Жогоруда аталган иш-чараларды Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өткөрүү чечими кабыл алынган, ал эми буга чейин бул семинарлар Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында өткөрүлгөн.
Семинарлардын жүрүшүндө катышуучуларга таанышуу жана андан ары иштөө үчүн "Пробация" АМСтын "Пробация кеңеши" модулунун тесттик версиясы сунушталды.
Биздин ишибиздин натыйжасы Пробация департаментинин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аймактык мамлекеттик органдар менен болгон ишинде жана өз ара аракеттешүүсүндө чагылдырылат деп үмүттөнөбүз.
Өз кезегинде, биз "Оазис" коомдук кайрымдуулук фондуна пробациялык кардарларды кайра коомдоштуруу үчүн иштелип чыккан Методикалык колдонмо үчүн жана албетте бул иш-чараларды өткөргөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз.