2021-жылдын 2-ноябрында Пробация департаментинин директору менен Penal Reform International (Penal Reform International) уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2021-жылдын 2-ноябрында Пробация департаментинин директору менен Penal Reform International (Penal Reform International) уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
2021-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин (мындан ары департамент) директору Алмазбек Зарылбек уулу менен Penal Reform International (Penal Reform International) уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө департаменттин коноктору бөлүмдүн ишмердүүлүгү менен таанышып, тараптар Кыргызстандагы пробация институтун мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошону менен бирге, департаментке “COVID-19 пандемиясынын Кыргызстандагы пробация органдарына жана кардарларына тийгизген таасири” темасы боюнча изилдөө отчету сунушталды, анда изилдөөнүн өзү, интервьюлар, пандемия учурунда көрүлгөн чаралар, COVID-19 инфекциясынын таасири камтылган, ошондой эле кызматкерлердин ишин жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган.
Жолугушуунун соңунда департаменттин директору Penal Reform International уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрүнө пробация органдарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана жемиштүү кызматташуу мындан ары да улана берерине ишеним билдирди.