Мыйзам бузган 13 жеткинчек Ысык-Көлдө реабилитациядан өтүшүүдө
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Мыйзам бузган 13 жеткинчек Ысык-Көлдө реабилитациядан өтүшүүдө
Пробация департаменти ювеналдык пробациянын 13 кардарын* "Өзүңдү ач" аттуу реабилитациялык лагерине жөнөттү. Иш-чара Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан "Алтын Кум"пансионатынын аймагында өткөрүлүүдө.
2021-жылдын 22-июндан 26-июнуна чейин пробациянын анча оор эмес кылмыштары үчүн соттолгон жаш кардарлары, эки аймактык пробация кызматкеринин коштоосу менен, мыйзам менен чатагы бар жеткинчектер: сергек жашоо ыңгайын, жоопкерчилик сезимин жана өздүк дисциплинага туруктуу мотивация берүүгө, чыгармачылык потенциалды өнүктүрүүгө, патриоттук жана руханий адеп-ахлактык тарбия берүүгө, командада иштөө көндүмдөрүн алууга, өспүрүмдөрдүн уюштуруучулук, педагогикалык сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган окутуу иш-чараларына катышууда.
Лагердин ишинин алкагында жекече жана топтук иштердин ар кандай формалары: семинарлар, тренингдер, жеке жана топтук консультациялар, квестттер, тимбилдингдер, чыгармачыл мастерскойлор, спорттук жана башка иш-чаралар колдонулат.
Мыйзам менен чатагы бар өспүрүмдөр үчүн лагерь Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жана "Оэйсис" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан Кыргыз Республикасындагы Германия элчилигинин колдоосу менен, "Мыйзамды бузган балдарды реабилитациялоодогу социалдык өнөктөштүк" долбоорунун алкагында уюштурулган.
* ювеналдык пробациянын кардары – 18 жашка жете элек, анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жана пробациялык көзөмөл өтүүгө чыгарылган адам, анын статусу Кыргыз Республикасынын "Пробация жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренеси менен аныкталган.