Ат-Башыда пробация кардарларынын кайра кылмышка баруусун алдын алуу боюнча иш чара өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ат-Башыда пробация кардарларынын кайра кылмышка баруусун алдын алуу боюнча иш чара өттү
2021-жылдын 4-июнунда Ат-Башы району боюнча пробация органынын жана райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматы менен бирдикте 15 пробациянын кардары жана алар турукташкан аймакты караган 13 милициянын ыйгарым өкүлү үчүн Пробация кардарларынын арасында кайра кылмышка барууну алдын алууга багытталган тренинг өткөрүлдү.
Иш-чара 2021-жылдын 1-жарым жылдыгына карата иш-чаралар планынын алкагында пробациянын жана ИИО аймактык органдары тарабынан уюштурулган жана пробациянын кардарларында жана ИИМдин жергиликтүү өкүлдөрүнөн келип чыккан проблемаларды талкуулоо үчүн аянтча болуп калды. Анын алкагында Ат-Башы РИИБнун начальнигинин орун басары Т. Ашырбаев коомдук коопсуздукту сактоо эрежелери, коомдогу баалулуктар, адамдын укуктары, укук бузуулардын жана кайталап кылмыш жолуна түшүүнүн кесепеттери жөнүндө айтып берди жана катышуучулардын арасында суроо талкуулар жүргүзүлдү.
Иш-чара Ат-Башы райондук пробация органынын башкы адиси Г. Таалайбек кызы, жетектөөчү адиси А. Садыкова, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т. Ашырбаев, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн ага милициянын ыйгарым өкүлү А. Садыков тарабынан уюштурулган.
«Пробация кардарларына коомдук коопсуздукту сактоо боюнча профилактикалык окуунун» эң негизги максаты — аткаруу жана пенитенциардан кийинки пробация кардарларына мамлекеттин коопсуздугун сактоого салымын кошуп, урпактарыбызга өнүккөн өлкө жана коопсуз заман калтырууда чоң орун ээлеп тургандыгын жеткирип, кардарларды оңолуу жолуна түшүүсүнө багыт көрсөтүү.