Ат-Башыдагы пробациянын кардарлары жардам алышты
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ат-Башыдагы пробациянын кардарлары жардам алышты
2021-жылдын 27-майында Ат-Башы райондук пробация органы өз кардарлары үчүн «ЖАРДАМ» иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чара Ат-Башы райондук пробация органынын кызматкерлери тарабынан, райондогу мамлекеттик администрациянын катышуусу менен ишке ашырылды.
Пробация кеңешинин мүчөлөрү: Кашкарбеков Н. — райондук аскер комиссариатынын өкүлү, Белекова Ж. — райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын алдындагы Калкты жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн өкүлү, Байтурова Н. — райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун өкүлү, Мамбеталиева М. — райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн өкүлү, Мамбетакунов А. – РИИБнун КККнын МУУ милициянын ага лейтенанты пробациянын сотко чейинки, аткаруу, пенитенциардан кийинки кардарларына оор турмуштук кырдаалдан чыгууга жана кайра социалдаштырууда мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлөөрү боюнча айтып беришти.
Ошондой эле, мамлекеттик органдардын адистери Пробациянын кардарларына медициналык, социалдык жана юридикалык жактан кеңеш берип, көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүштү.
«ЖАРДАМ» иш-чарасынын алкагында кардарлардын ден-соолугу текшерилип, коомчулукта санитардык нормалардын туура сакталышы, жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча кеңештер айтылып, суроолоруна толугу менен жооп берилди. Бир кардардын аскердик билетин алууга керектелүүчү иш-кагаздарын топтоого көмөк көрсөтүлдү. Катышкан кардарлардын баары БУУнун азык-тулук программасынын тизмесине киргизүү суроосу талкууланып, райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү тарабынан кайра кылмышка баруунун жоопкерчилиги боюнча профилактикалык аңгемелешүү жүргүздү.