Ош жана Баткен облустарындагы пробация органдарынын кызматкерлерине коррупцияны алдын алуу боюнча лекция өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ош жана Баткен облустарындагы пробация органдарынын кызматкерлерине коррупцияны алдын алуу боюнча лекция өттү
Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Аймактар аралык башкармалыгынын Ош жана Баткен облустарынын аймактык пробация органдарынын кызматкерлери УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын окутуу иш-чараларына катышты.
2021-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтык кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар туурасында, ошондой эле коррупциянын алдын алуу, аны менен күрөшүүгө багытталган укуктук ченемдик актылар жөнүндө лекция жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Окутуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин аймактык өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы Башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн иш-чаралар планына ылайык өткөрулдү.