Бишкек шаарынын Октябрь районунда Пробация боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Бишкек шаарынын Октябрь районунда Пробация боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү
2021-жылдын 30-мартында Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын отурум залында Октябрь районунун пробация боюнча кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө оор турмуштук кырдаалга кабылган пробациянын бир катар кардарларына социалдык адаптацияга жана кайра социалдаштырууга, документтерди алмашууга жана калыбына келтирүүгө, кыска мөөнөттүү курстардан өтүүгө, ошондой эле пенсияларды жана жөлөкпулдарды тариздөөгө жана алууга жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тийиштүү көрсөтмөлөр берилди.
Октябрь районунун ИИБнын коомдук коопсуздук кызматы менен бирдикте пробациянын кардарларынын арасында укук бузуулардын кайталануусун алдын алуу боюнча иш-чараларын өткөрүү пландаштырылган. Ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктун беренелери боюнча соттолгон пробациянын кардарларынын тизмелери, Октябрь районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу боюнча кошумча алдын алуу иш-чараларын өткөрүү үчүн жиберилген.
Жыйындын соңунда Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы Данияр Арпачиев Кеңештин мүчөлөрүнө "Пробация жөнүндө" Мыйзамды ишке ашырууга активдүү катышкандыгы, Октябрь районунун пробациянын кардарларын ресоциалдаштырууга жана социалдык адаптациялоого жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Маалымдама:
Пробация боюнча кеңештер Кыргыз Республикасынын 24.02.2017-жылдагы №34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.12.2018-жылдагы №666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" жана 05.08.2019-жылдын №400 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (пробация суроолору боюнча)" токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.11.2018-жылдагы №536 "Соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу алкагында өткөрүлөт.