Нарын районунда Пробация боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Нарын районунда Пробация боюнча кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү
Нарын району боюнча пробация органы, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Пробация боюнча кеңешинин 2021-жылдын 1-чейрегине карата жыйынын 2021-жылдын 29-мартында өткөрдү.
Жыйынга Нарын районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы, социалдык фондунун башчысынын орун басары, ошондой эле эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын (СӨБ), үй-бүлөлүк медицина борборунун, ички иштер бөлүмүнүн, билим берүү бөлүмүнүн, мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана пробация органынын адистери катышкан.
2021-жылдын 1-чейрегинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясы, Нарын СӨБ жана жеке ишкерлер тарабынан жардамга муктаж болгон 15 пробациянын кардарына 31700 сомдук гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Бир кардар наркология бөлүмүнө жаткырылып көрсөтүлгөн медициналык жардамдын акысын төлөөдөн бошотулган.
Пробация боюнча кеңештин мүчөлөрү Нарын району боюнча пробация органында каттоодо турган кардарларга социалдык жана материалдык, гуманитардык жардамдарды көрсөтүү боюнча көйгөйлүү маселелерди талкулап, тиешелүү иш-чараларды өткөрүү боюнча жергиликтүү деңгээлде тыгыз иш алып баруусу, жардамга муктаж болгон пробациянын кардарларына:
- социалдык жана материалдык жактан жардам көрсөтүү;
- кайрадан кылмыш жолуна түшпөөсүнө профилактикалык иш-чараларын күчөтүү;
- өздүгүн тастыктоочу документтерди калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүү;
- медициналык кароодон өткөрүү иш-чаралары жүргүзүлүү милдеттендирилген.
Калкты жумуш менен камсыз кылуу бөлүмү менен биргеликте кыска мөөнөттөгү окуу курстарына жана Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейи менен биргеликте келишим түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.