Жалал-Абад: Пробациянын кардарларынын жашоодо жаңы максаттарын өнүктүрүү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Жалал-Абад: Пробациянын кардарларынын жашоодо жаңы максаттарын өнүктүрүү
2021-жылдын 2-мартында Жалал-Абад шаардык пробация органынын демилгеси менен каттоодо турган 28 пробация кардарлары, анын ичинде 3 диний экстремистик багыттагы кылмыштар боюнча соттолгон кардарлар үчүн “Жашоодо жаңы максаттарды өнүктүрүү” темасында атайын иш-чара өткөрүлдү.
Тренингте Жалал-Абад ШИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын улук текөөчүсү милициянын капитаны У. Карабаев, Жалал-Абад областынын мусулмандар казыятынын өкүлү А. Усенбаев ажы, Жалал-Абад шаардык пробация органынын психологтору А. Акматбекова, К. Эмилбекова жана соцкызматкери Н. Тагаева, кардарлар менен коом алдындагы моралдык-укуктук жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган кийинки темаларды талкууга көтөрүштү:
• террористик-экстремисттик диний агымдардын ислам дининен болгон айырмачылыгы
• мамиле тузүүдөгү жеке психологиялык тосмолорун, өзүнө ишенбөөчүлүгүн жана коркуу сезимдерин жоюуга жана социалдык абалын жакшыртууга аракеттенүүнү күчөтүү үчүн психологиялык методторду колдонуу
• бөтөн адамдардын жана өзүнүн эмоционалдык абалын түшунүү жана өздүк башка жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү
• үй-бүлөдөгү жана коомчулуктагы ордун табуу
• кардардын айлана-чөйрөсүнө, үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык өнүгүүсүнө, өзүнүң инсан катары калыптануусуна тийгизген таасири
• өз журум-турумуна көзөмөл кылуу жана кайрадан кылмыш иштерин алдын алуу
Окуунун жыйынтыгы боюнча тренерлер кардарлардын психологиялык маданияты жогорулап, алар өздөрүн таанып жана турмуш маселелерин натыйжалуу чечүү жолдорун колдоноруна үмүт-тилегин билдиришти. Иш-чаранын соңунда кардарлар алган пайдалуу маалыматтар үчүн, уюштуруучуларга жакшы каалоо тилектерин айтышты.