Пробация департаментинин директору БУУнун БКБ башчысы менен жолукту
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин директору БУУнун БКБ башчысы менен жолукту
2021-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиннин алдындагы Пробация департаментинин (мындан ары-Департамент) директору Алмазбек Зарылбек уулунун Кыргыз Республикасындагы баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУ Башкармалыгынын башчысы Андрей Селезневым менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө БУУ БКБнын башчысы ведомствонун ишмердүүлүгү менен таанышты, тараптар пробациянын кардарларын классификациялоо жана тобокелдиктерди баалоо системасын иштеп чыгууну аяктоо, ошондой эле Кыргызстанда пробация институтун мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Департаменттин директору БУУ БКБнын башчысына пробация органдарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да жемиштүү кызматташтык уланаарына ишеним билдирип, Юстиция министрлигинин "Кызматташтык үчүн" медалын тапшырды.