КР Юстиция министрлиги пробациянын кардарларын каттоодо тоскоолдуктарды жоюуну караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / КР Юстиция министрлиги пробациянын кардарларын каттоодо тоскоолдуктарды жоюуну караган мыйзам долбоорун иштеп чыкты
Пробациянын кардарларынын жоготулган укуктарын жана документтерин калыбына келтирүүдө тоскоолдуктарды жоюу максатында, Юстиция министрлиги «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун демилгеледи.
«Пробация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пробациянын кардарынын муктаждыктарына жараша социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы (мындан ары - программа) турган жери же жашаган жери боюнча каттоо үчүн зарыл документтерди алууга жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды камтыйт.
Пробациянын кардарынын туруктуу жашаган жери болбогон учурда каттоо орду деп эсепке алынган жери боюнча пробация органынын юридикалык дареги, ал эми пенитенциардык пробацияда түзөтүү мекемесинин юридикалык дареги белгиленет.
Ошол эле учурда, «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин ылайык Кыргыз Республикасынын тийиштүү административдик-аймактык бирдигинин аймагында турак жайда туруктуу жашаган жарандар жашаган жери боюнча катталууга тийиш.
Бирок, пробациянын аймактык органдарынын имараттары турак жайга кирбейт, ушуга байланыштуу пробациянын кардарларын пробациянын аймактык органдарынын юридикалык дареги боюнча каттоо мүмкүн эмес.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулат.
Ал эми, ички жер которуу жагындагы коомдук мамилелердин укуктук, уюштуруучулук негиздерин «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери жөнгө салат.
Ошол себептен, жогоруда көрсөтүлгөн коллизияны четтетүү үчүн «Ички жер которуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Жогорудагы мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сайтында https://www.gov.kg/ru/npa/s/2905 жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында http://koomtalkuu.gov.kg/npa-view/799 жайгаштырылган.