Координациялык кеңештин кезектеги отуруму
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Координациялык кеңештин кезектеги отуруму
Түздөн-түз азыр, 2020-жылдын 28 январында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде юстиция министринин орун басары Марат Канулькуловдун жетекчилиги алдында пробация институтун өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отуруму онлайн режиминде өтүп жатат.
Отурумга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дипломатиялык миссиялар, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдар катышууда.
Бүгүн мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун пробация институтун колдонууга киргизүү маселелери боюнча отчеттору, ошондой эле мамлекеттик органдар менен КР ЮМ алдындагы Пробация департаментинин өз ара аракеттенүүсү боюнча рекомендациялар угулат.
Пробация департаментинин аймак аралык башкармалыктарынын жетекчилери 2020-жылдын 4-сентябрында өткөрүлгөн биринчи Координациялык кеңештин чечимине ылайык иш-чаралардын аткарылышы тууралуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин "Пробация" АМТнын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча баяндамасы менен чыгып сүйлөшөт.
Мындан тышкары, бардык сунуштардан жана толуктоолордон кийин Координациялык кеңештин 2021-жылга карата Иш планы каралат.