2020-жыл: Ысык-Көл жана Нарын облустарынын пробация органдарынын ишинин натыйжалары
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / 2020-жыл: Ысык-Көл жана Нарын облустарынын пробация органдарынын ишинин натыйжалары
2021-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгы (мындан аары ААБ) жергиликтүү пробация органдырынын башкы адистеринин катышуусу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 2020-жылдын 12 айынын натыйжалары боюнча жыйын өткөрдү.
Пробациянын бардык жергиликтүү органдарында пробациянын кардарларынын эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусуна социалдык укуктук жардам алуусуна көмөк көрсөтүү боюнча иш жүргүзөт.
2020-жылдагы аткарылган иштердин натыйжалары кылдаттык менен талданган жана жалпысынан иш максаттуу жана натыйжалуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө корутунду чыгарууга болот.
Азыркы учурда Ысык-Көл жана Нарын облустарында 13 (Ысык-Көл – 7, Нарын – 6) пробация органы жайгашкан, ал жерде 26 кызматкер иш алып барат.
2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдө 370 жана Нарында 147 кардар каттоодо турат, алардын ичнде: эркектер – 454, аялдар – 54, жаш өспүрүмдөр – 9 адам.
2020-жылдын 12 айынын ичинде каттоого – 506 (Ысык-Көл – 370, Нарын – 136) кардар алынган. Ошол эле мезгилде каттоодон – 568 (Ысык-Көл – 418, Нарын – 150) кардар чыгарылган.
Жыл башынан бери жергиликтүү мамлекеттик органдар менен биргеликте каттоодо турган 663 кардарга социалдык укуктук жана гуманитардык жактан жардам көрсөтүлгөн, анын ичинен:
74 адам жумушка орноштурулган;
64 адамга документтерди алууга жардам берилген;
26 адамга кесип алууга жардам берилген;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке ишкерлер менен биргеликте 499 адамга материалдык гуманитардык жактан жардам көрсөтүлгөн.
Пробациянын милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында пробация боюнча кеңештер түзүлгөн, кеңешти жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жетектейт, квартал сайын жыйналыш өткөрүлүп турат. 2020-жылы пробация боюнча кеңештин 52 жыйналышы өткөрүлүп, пробациянын көйгөйлүү маселелери каралган.
Ошондой эле, ААБнын кызматкерлери коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында «Коррупцияга каршылык көрсөтүү» темадагы чогулуштар, түшүндүрүү профилактикалык маектешүүлөр жана сабактар өткөрүлүүдө.