Пробациянын кызматкерлери пробациянын кардарларынын арасында экстремизм жана терроризм идеологиясына каршы аракет боюнча билим алууда
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробациянын кызматкерлери пробациянын кардарларынын арасында экстремизм жана терроризм идеологиясына каршы аракет боюнча билим алууда
2020-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен бирдикте пробациянын кардарларынын арасында экстремизм жана терроризм идеологиясына каршы аракеттенүү боюнча пробациянын аймактык органдарынын кызматкерлерине окуу өткөрдү.
Окутуунун максаты – пробациянын аймактык органдарынын кызматкерлеринин экстремизм жана терроризм идеологиясы жаатында билимдерин өркүндөтүү.
Семинарда пробация органдарынын кызматкерлери экстремисттик топторго тартылып жаткан адамдардын социалдык-психологиялык белгилери (портрет) жана өзгөчөлүктөрү, жогоруда айтылган топтордун түрлөрү жана багыттары тууралуу маалымат алышты.
Ошондой эле, пробация органдарынын адистери экстремисттик жана террорчулук мүнөздөгү кылмыштарды жасаганы үчүн соттолгон пробациянын кардарлардына болгон радикалдуу диний агымдардын таасиринин даражасы аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү жана аларды алдын алуу, реабилитациялоо, коомго кайра интеграциялоонун ыкмалары боюнча окутулушту.
Пробация кызматкерлеринен тышкары, экстремизм жана терроризм идеологиясына каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу тренинги пробациянын кардарлары үчүн да өткөрүлөт. Диний мамиленин нормаларынын сакталышын эске алуу менен 2020-жылдын 10-декабрында аялдар, 11-декабрда эркектер окуудан өтүшөт.