Пробация департаментине пробация маселелери боюнча усулдамалык колдонмонун 500 нускасы берилди
2019-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментине Кыргызстандагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан "Кыргыз Республикасындагы пробация органдарына пробациялык баяндама даярдоо боюнча усулдамалык сунуштамалардын" 500 нускасы берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов, Кыргызстандагы БУУ КББнун программалык Кеӊсесинин Улуттук программалык менеджери Улан Аралбаев, Пробация департаментинин директору Зарылбек уулу Алмазбек, ошондой эле колдонмону иштеп чыккан авторлор БУУ КББнын пенитенциардык тутумунун маселелери боюнча регионалдык эксперт Батыр Сапарбаев, БУУ КББнын эксперти Азамат Асаналиев катышты.
Бул окуу куралы пробация органдарынын кызматкерлери үчүн пробациялык баяндаматүзүүдө усулдамалык көрсөтмө катары колдонууга арналган.
Авторлордун айтымында, аталган колдонмону иштеп чыгуудан мурда чоң аналитикалык иш жана пробация чөйрөсүндөгү практикалык ишмердүүлүктү изилдөө жүргүзүлгөн.
Өз кезегинде, Марат Канулькулов БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына жана усулдамалык колдонмонун авторлоруна ыраазычылык билдирип, бул окуу куралы пробациянын кызматкерлеринин практикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна чоң өбөлгө болоорун белгиледи.
"Пробациялык баяндама канчалык сапаттуу түзүлсө, ошого жараша судья да күнөөлүү адамга карата жаза ыйгаруу чечимин чыгарат. Демек, пробациялык баяндамадан адамдын тагдыры чечилет", - деп баса белгиледи министрдин орун басары.