Пробация департаменти менен Ж. Баласагын атындагы КУУнун ортосундагы илимий кызматташтык талкууланды
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти менен Ж. Баласагын атындагы КУУнун ортосундагы илимий кызматташтык талкууланды
Пробация департаментинде Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Тараптар пробация тутумун өркүндөтүүгө жана заманбап ыкмаларды практикалык ишке киргизүүгө багытталган илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүнү талкуулашты.
Университеттин өкүлдөрү кайталап жасалуучу кылмыштуулуктун алдын алуу, соттолгондорду кайра ресоциалдаштыруу, ювеналдык пробация, пробация кардарларын психологиялык жактан кошто жана экстремисттик кылмыштар үчүн соттолгон адамдар менен иштөө маселелери боюнча колдонмо изилдөөлөргө катышууга даяр экендигин билдиришти.
Катышуучулар пробациянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана коомдогу коопсуздукту чыңдоо үчүн илимий иштемелер менен практикалык тажрыйбаны бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.



