Ювеналдык пробация кардарлары үчүн алдын-алуу иш-чарасы өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ювеналдык пробация кардарлары үчүн алдын-алуу иш-чарасы өткөрүлдү
Пробация департаментинин окуу-методикалык бөлүмү жана психологиялык иш башкармалыгы тарабынан ювеналдык пробация кардарлары үчүн алдын-алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктын аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турган 30 ювеналдык пробация кардары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар менен мыйзамдарды сактоо, жоопкерчиликтүү жүрүм-турум, адеп-ахлак баалуулуктары жана психологиялык туруктуулук темаларында талкуу өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле катышуучуларга күнүмдүк жашоодо туура чечим кабыл алуу, социалдык адаптация жана өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча пайдалуу кеңештер берилди.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга керектүү маалыматтар берилип, алар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Пробация департаменти мындай алдын-алуу иш-чаралары өспүрүмдөрдүн мыйзамды сактоого болгон жоопкерчилигин жогорулатууга жана коомго ийгиликтүү интеграцияланышына өбөлгө түзөрүн белгилейт.



