Пробация департаменти менен «Кыргыз Продакшн» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаменти менен «Кыргыз Продакшн» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти менен «Кыргыз Продакшн» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандум экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, коомчулукту тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнүн кесепеттери тууралуу маалымдоо, ошондой эле куралдуу жаңжал аймактарынан кайтып келген жарандардын репатриациясы жана реабилитациясы темасын чагылдырган көркөм тасманы биргелешип даярдоо максатында түзүлдү.
Тасма пробация органдарынын каттоосунда турган жарандардын жашоо окуяларынан алынган жалпыланган жана жыйнактуу материалдардын негизинде тартылып, анда жеке маалыматтар ачык көрсөтүлбөйт.
Пробация департаменти өз ыйгарым укуктарынын алкагында тасманын социалдык маанисин колдоп, консультациялык көмөк көрсөтөт жана тасманы коомчулукка жеткирүүгө көмөктөшөт.
Бул демилге коомдо экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө жана реабилитациялык иштердин маанисин кеңири чагылдырууга багытталган.




