Пробация департаментинде коллегиянын отуруму болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинде коллегиянын отуруму болуп өттү
Пробация департаментинде коллегиянын отуруму болуп өттү. Иш-чарага Юстиция министрлигинин пробациялык жана соттук-эксперттик иштер чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгынын начальниги Руслан Романов, Департамент жетекчилиги, ошондой эле түзүмдүк жана аймак аралык башкармалыктардын жетекчилери онлайн катышышты. Отурумда пробация органдарынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыктары чыгарылды жана мындан аркы иштин негизги багыттары аныкталды.
Жыйындын алкагында пробациялык көзөмөлдү ишке ашыруу, кайталанган укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу, ошондой эле пробациялык каттоодо турган адамдарды социалдык адаптациялоону камсыздоо маселелери каралды.
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу боюнча чараларга, анын ичинде зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган коррекциялык программаларды ишке ашырууга жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча пробация органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана алдын алуу иштерин өркүндөтүүгө багытталган артыкчылыктуу милдеттер аныкталды жана тиешелүү тапшырмалар берилди.




