Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программа: 2025-жылдын жыйынтыктары
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программа: 2025-жылдын жыйынтыктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 417 токтомун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти тарабынан пробация органдарынын ишмердүүлүгүнө үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук мүнөздөгү жүрүм-турумун өзгөртүүгө багытталган коррекциялык программа киргизилди.
Программанын негизги максаты — коопсуз жана сый-урматка негизделген жүрүм-турумду калыптандыруу, ошондой эле үй-бүлөдөгү зомбулуктун кайра кайталануу тобокелдиктерин азайтуу болуп саналат.
Программаны ишке ашыруунун алкагында төмөнкү негизги милдеттер каралган:
• кардарларды эмоцияларды башкаруу жана конструктивдүү, зомбулуксуз баарлашуу көндүмдөрүнө үйрөтүү;
• үй-бүлө мүчөлөрү үчүн зордук-зомбулуктун кесепеттери жөнүндө маалымдуулукту калыптандыруу;
• жеке жоопкерчиликти жогорулатуу жана мыйзамсыз жүрүм-турумдун укуктук кесепеттерин түшүнүү;
• зомбулукка түрткү берүүчү көз караштарды жана ишенимдерди өзгөртүү.
2025-жылдын аягына карата коррекциялык программадан пробация органдарынын 9 кардары өтүүдө, алардын ичинен:
• 8 кардар — Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча;
• 1 кардар — Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексини боюнча.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коррекциялык программаны 8 кардар ийгиликтүү аяктады.
Бул программаны ишке ашыруу үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, кайталанган укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүү жана коомдо зомбулуксуз жүрүм-турумдун туруктуу моделдерин калыптандыруу боюнча чаралар системасында маанилүү кадам болуп саналат.




