Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум
Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатында иштеген төрт уюмдун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду:
• Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти
• «Аялдарга жардам берүү борбору» коомдук бирикмеси
• Фридрих Эберт атындагы фонддун өкүлчүлүгү
• Түштүк Пфальцтын үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча интервенциялык борбору (Ландау шаары, Германия).
Тараптар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен программаларды жана окутуу иш-чараларын ишке ашыруу жаатында өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашышты.
Кол коюу жабырлануучуларды коргоо жана агрессорлор менен иштөө боюнча эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган Региондук диалогдун алкагында өттү.