Ювеналдык пробациянын кардарлары үчүн Жогорку Кеңешке экскурсия уюштурулду
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ювеналдык пробациянын кардарлары үчүн Жогорку Кеңешке экскурсия уюштурулду
Пробация департаментинин Социалдык коштоо жана пенитенциардык пробация башкармалыгы ювеналдык пробациянын кардарлары үчүн Жогорку Кеңешке экскурсия уюштурду.
Бул сапар жаштар үчүн жаңы ачылыш болду: алар Жогорку Кеңештин эшиктерин ачып, депутаттардын ишин, мыйзамдардын кантип талкууланып, кабыл алынышын өз көзү менен көрүштү. Ар бир зал, ар бир маалымат аларды коомдогу өз ордун жана жоопкерчилигин сезүүгө шыктандырып, чоң ойлорго жетеледи.
Экскурсия учурунда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары Кенжебаев Аманкан Батырбекович жана Мирлан Самыйкожо ювеналдык пробациянын кардарлары менен жолугуп, өз кеңештерин берип, дем-күч беришти.
Мындай учурлар жаштарга демократиянын жана адилеттүүлүктүн маанисин ачып берет. Бүгүн алар тажрыйба топтоду — эртең бул алардын активдүү жарандык позициясын, билимге умтулуусун жана өлкөнүн өнүгүүсүнө жоопкерчиликтүү катышуусун шарттайт.