«Жазык-аткаруу тутумунда зордук-зомбулук экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү: заманбап чакырыктар жана коркунучтар» темасындагы эл аралык форум
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / «Жазык-аткаруу тутумунда зордук-зомбулук экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү: заманбап чакырыктар жана коркунучтар» темасындагы эл аралык форум
2025-жылдын 25-26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан ЕККУнун колдоосу менен уюштурулган "Жазык-аткаруу тутумунда зомбулук экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү: заманбап чакырыктар жана коркунучтар" аттуу эки күндүк эл аралык форум болуп өттү.
Пробация департаменти форумдун активдүү катышуучуларынын бири болду. Департаменттин директору Д.Калматов диний экстремизмге байланыштуу беренелер боюнча соттолгон пробация кардарларын ресоциализациялоо практикасы, ошондой эле Теологиялык сектордун ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама жасады. Сөз сүйлөө учурунда практикалык иштин жыйынтыктары көрсөтүлүп, радикалдашуунун алдын алуу ыкмаларын мындан ары өркүндөтүү жолдору сунушталды.
Катышуучулар жазык-аткаруу тутумунун алдында турган негизги чакырыктарды, зордук-зомбулук экстремизмге каршы аракеттенүү жана соттолгондор арасында радикалдашуунун алдын алуу контекстинде талкуулашты.
Ресоциализация, диний агартуу, пробациянын ролу, ошондой эле ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.