Ысык-Көлдө Юстиция министринин футбол боюнча кубогу ийгиликтүү өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ысык-Көлдө Юстиция министринин футбол боюнча кубогу ийгиликтүү өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене-тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу» Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле кызматкерлеринин арасында ынтымакты жана биримдикти чыңдоо максатында Ысык-Көл облусунда Юстиция министринин футбол боюнча кубогу өткөрүлдү.
Турнирге министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөр, облустук башкармалыктар жана Пробация департаментинин өкүлдөрү активдүү катышышты. Спорттук иш-чара өз ара кызматташтыкты бекемдөө менен катар, дене-тарбия маданиятын жайылтууга жана командалык духту көтөрүүгө өбөлгө болду.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар жеңүүчү деп табылды:
???? 1-орун – Пробация департаментинин командасы
???? 2-орун – Пробация кардарларынан түзүлгөн командасы
???? 3-орун – Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жана Ош юстиция башкармалыгынын бирдиктүү командасы
Жеңүүчүлөргө атайын кубоктор, дипломдор жана эстелик белектер тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар спорттук рухта таймашып, өз ара урматтоону жана тартипти сакташты.
Мындай иш-чаралар кызматкерлердин адеп-ахлактык жана денелик өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилеп, алдыда да ушундай демилгелерди улантууну пландаштырууда.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Европа Биримдиги жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан каржыланган "Бардыгына сот адилеттүүлүк" долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.