Ювеналдык пробациянын кардарлары менен иштөө боюнча пробация органдарынын кызматкерлерин окутуу
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ювеналдык пробациянын кардарлары менен иштөө боюнча пробация органдарынын кызматкерлерин окутуу
Ювеналдык пробациянын кардарлары менен иштөө боюнча пробация органдарынын кызматкерлерин окутуу
Пробация департаментинин кызматкерлерин окутуунун комплекстүү программасынын алкагында ювеналдык пробациянын кардарлары менен иштөө боюнча окутуу өткөрүлдү.
Тренинг учурунда катышуучулар өспүрүм кардарларды коштоо боюнча заманбап ыкмаларды, кайталанган укук бузуулардын алдын алуу жолдорун, ошондой эле өспүрүмдөр жана алардын үй-бүлөлөрү менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу куралдарын үйрөнүштү.
Мындай иш-чаралар кызматкерлердин кесиптик компетенциясын жогорулатууга жана пробация чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.