«Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү» темасында тренинг өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү» темасында тренинг өттү.
БУУнун (УНП ООН) долбоорунун алкагында Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү» темасында тренинг өттү.
Тренингге вице-мэрлер, акимдердин орун басарлары, айыл өкмөткө башчылардын орун басарлары жана алардын жооптуу катчылары катышты.
Иш-чаранын максаты — пробация институту, пробация боюнча кеңештердин ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүк берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу алкагында мамлекеттик органдар, ЖӨБ жана пробация органдарынын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо болду.