«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чараларды уюштурду»
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чараларды уюштурду»
Пробациянын кардарлары жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан колдоо жана адаптациялоо багытындагы иштердин алкагында.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чараларды уюштурду.
Аталган иш-чаралардын бири ювеналдык пробациянын кардарлары, пробациянын кардарларынын балдары жана Пробация департаментинин кызматкерлеринин балдары үчүн өткөрүлдү. Бул алардын ортосундагы айырмачылыктарды жоюуга, стигмадан арылууга жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болду. Балдар үчүн аниматорлор, кызыктуу жана кыймылдуу сынактар, белектер, балмуздак, аба шарлары жана башка даамдар даярдалган.
Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Үй-бүлөнү бекемдөө» долбоору менен кызматташтыктын алкагында турмуш шарты оор кырдаалда жашаган пробациянын кардарларынын балдары үчүн өзүнчө майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен балдарга ысык тамак-аш, таттуулар жана белектер берилди. Алар ата-энелери менен кошо оюн-зоокторго катышып, ошондой эле социалдык кызматкерлерден жана юристтерден өз укуктары боюнча кеңеш ала алышты.
Мындан тышкары, Пробация департаментинин кызматкерлери Сокулук районундагы сүйлөө жөндөмүндө оор көйгөйлөрү бар балдарга арналган атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барышып, окуучуларга балдар үчүн арналган китептерди жана таттууларды белекке беришти.