«Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү боюнча тренинг
2025-жылдын 28–29-апрель күндөрү «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү. Бул иш-чара пробацияны колдонуудагы укуктук практиканы бекемдөөгө жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Тренинг Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен өнөктөштүктө, кызматташтык тууралуу меморандумдун алкагында уюштурулду.
Иш чарага Бишкек шаарынын жана өлкөнүн бардык облустарындагы жергиликтүү соттордун судьялары, Башкы прокуратуранын кызматкерлери жана Пробация департаментинин адистери катышты.
Пробация департаментинин кызматкерлери тренер катары чыгып, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө пробацияны колдонуу боюнча практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Тренингдин негизги максаты — катышуучуларда пробациянын укуктук табиятын, анын максаттары менен милдеттерин түшүнүүнү калыптандыруу. Катышуучулар тиешелүү нормативдик-укуктук актылар, пробациялык көзөмөлдүн практикалык аспектилери жана коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза чараларын колдонуу боюнча натыйжалуу ыкмалар менен таанышышты.