«Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин секторун колдоо: пробация жана сот адилеттиги тутумун өркүндөтүү жана санариптештирүү (Баарына сот адилеттүүлүк)» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын юстиция министри А.Б. Баетов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын орун басары У.У. Конкубаева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору К.К. Казаков, Европа Биримдигинин, БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлдөрү, Людвиг Больцман институтунун өкүлдөрү, ошондой эле чакырылган эксперттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2024-жылдагы долбоордун негизги жыйынтыктары талкууланып, 2025-жылга карата иш-чаралар планы каралды.