Пробация системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга байланыштуу маселелер каралган жыйын болуп өттү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга байланыштуу маселелер каралган жыйын болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде Департаменттин директорунун жетекчилиги алдында анын орун басарларынын, түзүмдүк бөлүнүштөрдүн начальниктеринин, региондор аралык башкармалыктардын жетекчилеринин, ошондой эле облустук бөлүмдөрдүн башчыларынын катышуусунда кеңешме болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө пробация системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга байланыштуу негизги маселелер каралды. Департаменттин жетекчилиги коррупцияга нөлдүк чыдамкайлык принциптерин сактоонун, ички көзөмөлдү жана отчеттуулукту чыңдоонун зарылдыгын баса белгиледи.
Мамлекеттик кызматкерлердин тартиби жана этикалык жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл бурулду. Кызматтык милдеттерди аткарууну көзөмөлдөө механизмдери, кесиптик этика нормаларын сактоо, кардарлар жана кесиптештер менен сый мамиле кылуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тартипти күчөтүү жана коррупциялык тобокелдиктерге каршы күрөшүү боюнча жер-жерлердеги жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.
Урматтуу жарандар!
Эгерде сиздерге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде же анын аймактык бөлүмдөрүндө орун алган коррупциялык фактылар тууралуу маалыматыңыз болсо, Пробация департаментинин ишеним телефону аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0312 31-59-50.