Пробация органынын кызматкерлери кардарлар менен профилактикалык иштерди жүргүзүштү.
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация органынын кызматкерлери кардарлар менен профилактикалык иштерди жүргүзүштү.
Коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, пробациянын кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, алардын жаңы укук бузууларды жасоосун эскертүү пробациянын максаттары болуп саналат.
Коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле пробациянын кардарларын ресоциалдаштыруу боюнча милдеттерди аткаруунун алкагында Нарын облусу боюнча пробация бөлүмүнүн жана Ак-Суу району боюнча пробация органынын кызматкерлери ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте пробациянын кардарларынын жашаган жерлери боюнча көчмө иш-чараларды өткөрүштү.
Иштин жүрүшүндө пробациянын кардарлары менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын мыйзамдуу укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.
Мындай иш-чаралар пробация органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, кардарлар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана кайталанган укук бузуулардын алдын алууга багытталган. Белгилей кетчү нерсе, пробация органы көзөмөл жүргүзүүдөн тышкары, кардарларды коомго ийгиликтүү кайтарууга көмөктөшүп, алардын укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүндүрмө берип, социалдашууга активдүү түрдө көмөк көрсөтүп келет.