Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Кыргызстанда 20-февралда Ювеналдык пробация борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Кыргызстанда 20-февралда Ювеналдык пробация борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Кыргызстанда 20-февралда Ювеналдык пробация борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

2025-02-20 19:55:43

Кыргызстанда 20-февралда Ювеналдык пробация борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Борбор Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин демилгеси менен «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун колдоосу менен түзүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Венера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин депутатыАйсулуу Мамашева, Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов, Пробация департаментинин директоруКубан Казаков, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жанузакова Кыял, «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова, ошондойэле Европа Биримдиги менен БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан каржыланган «Бардыгына сотадилеттүүлүк» долбоорунун координатору Джорж Абаджян катышышты.

Расмий ачылыш аземинен жана лентаны салтанаттуу кесүүдөн кийин Пробация департаментинин кызматкерлери чогулгандарга Департаменттин акыркы 5 жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын көрсөтүштү. "Балдардын укугун коргоо лигасынын" директору Назгүл Турдубекова жаңы ачылган борбордун балдардын реабилитация процессиндеги маанилүү ролу тууралуу айтып берди. Мындан сырткары, келген коноктор үчүн борбордун шарттары көрсөтүлдү: өспүрүмдөр менен иштей турган психологдордун кабинеттери, жаштар үчүн атайын тренингдер өтүүчү зал.

Борбордун ачылышы-бул жаш муундар үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү камсыз кылууга умтулууну баса белгилөө менен Кыргызстанда сот адилеттиги жана балдарды социалдык коргоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Ювеналдык пробация борборунун негизги максаты-пробациялык көзөмөлдө турган балдарды кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү. Бул жерде аларга комплекстүү колдоо көрсөтүлөт: юридикалык, психологиялык жана социалдык жардам берилет, бул алардын калыбына келүүсүнө жана коомго ийгиликтүү интеграцияланышына көмөкчү болот.Ошону менен катар балдар кесиптик багыт алууга, документтерин калыбына келтирүүгө, иш же окуу жай табууга жардам алышат. Ошондой эле башка керектүү колдоолор да көрсөтүлөт. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамга карама-каршы келгенбалдар менен иштөө багытында мындан аркы кадамдар жана жаңы реабилитациялык программаларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Пробация департаменти жана "Балдардын укугун коргоочулар Лигасы" коомдук фонду ювеналдык пробация борборун өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Пробация департаменти мыйзамга каршы келген балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурат. Жаңы ювеналдык пробация борбору-бул өспүрүмдөр керектүү жардамды жана оңдоо мүмкүнчүлүгүн ала турган мейкиндик. Анткени, пробация оңолууга мүмкүнчүлүк берет!


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
    «Баарына сот адилеттүүлүк» долбоорунун жетектөөчү комитетинин бешинчи жыйыны болуп өттү.
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
    Пробация департаментинде Больцман институтунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
  • Пробация в Кыргызстане - Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд
    Пробация кызматкерлери ВИЧ жана кургак учук контекстинде кардарлар менен иштөө маселери боюнча окууд...

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER