Юстиция министрлигинин делегациясы пробация жана пенитенциардык система боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Хорватиянын Юстиция министрлигине барышты
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Юстиция министрлигинин делегациясы пробация жана пенитенциардык система боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Хорватиянын Юстиция министрлигине барышты
Делегация пробациялык кызматтарга, пенитенциардык мекемелерге жана сотторго барып, соттолгондор менен иштөөнүн практикалык ыкмалары жана мониторинг системасы менен таанышты.
2025-жылдын 13-17-январь күндөрү Юстиция министрлигинин делегациясы Пробация департаментинин директору Кубан Казаковдун жетекчилиги алдында Хорватиянын Юстиция министрлигине иш сапары менен барды. Делегациянын курамында Президенттик администрациянын жана Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү болушту.
Сапардын максаты-тажрыйба алмашуу, пробация жана пенитенциардык тутумду башкаруу жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү болду.
Делегациянын жетекчиси Хорватиянын юстиция министринин орун басары Ведрана Шимунджа Николич , Тюрмө системасы жана пробация башкармалыгынын директору Звонимир Пенич менен жолугушту. Жолугушууда пробация системасын реформалоо, соттолгондорду коомго кайрадан интеграциялоо программалары, технологияларды колдонуу жана жазанын альтернативдүү чараларын киргизүү маселелери талкууланды.
Делегация пробациялык кызматтарга, пенитенциардык мекемелерге жана сотторго барып, соттолгондор менен иштөөнүн практикалык ыкмалары жана мониторинг системасы менен таанышты.
Аталган ишсапар Европа Биримдиги жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы каржылаган "Кыргыз Республикасынын сот адилеттүүлүк секторун колдоо: пробация жана адилеттүүлүк системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү" (Бардыгына сот адилеттүүлүк) долбоорунун алкагында өткөрүлдү