Пробация департаментинин аймактык органдарынын кызматкерлери үчүн төрт күндүк тренинг өткөрүлдү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин аймактык органдарынын кызматкерлери үчүн төрт күндүк тренинг өткөрүлдү
2024-жылдын 8-11-октябрь күндөрү Ош шаарында жана 2024-жылдын 15- 18- октябрь күндөрү Бишкек шаарында Пробация департаментинин аймактык органдарынын кызматкерлери үчүн төрт күндүк тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө кызматкерлер пробациянын кардарлары менен иштөөнүн негизги аспектилерин үйрөнүштү: жазаларды аткаруунун түрлөрүнөн жана тартибинен баштап, жеке программаларды иштеп чыгууга жана пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробация этаптарында өз ара аракеттенүүгө чейин.
Мындан тышкары, кызматкерлер кардарлар менен натыйжалуу кызматташуу принциптерин, анын ичинде реинтеграция практикасын жана пробациянын бардык этаптарында колдоону үйрөнүштү. Тренинг соттолгондор менен иштөө боюнча ар тараптуу түшүнүктөрдү алууга мүмкүндүк берди, бул алардын жакшы адаптацияланышына өбөлгө түзөт жана кайра кылмыш жасоо коркунучун азайтат.
Аялдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, алардын иштерин жүргүзүүдө колдоо ресурстарын тартуу, ошондой эле көз карандылыгы бар пробация кардарлары менен иштөө, көз карандылыкты таануу боюнча өзүнчө талкуу болду. Окутуунун маанилүү бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулук жасаган кардарлар менен иштөө ыкмаларын үйрөнүү болду: үй-бүлөлүк зомбулуктун формалары, себептери жана спецификасы талкууланды. Комплекстүү жардам көрсөтүү үчүн мекемелерди жана адистерди камтыган мультидисциплинардык команда менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
Бул тренинг Европа Биримдиги жана БУУ БКБ тарабынан каржыланган «Кыргыз Республикасынын юстиция тармагын колдоо: пробация жана сот адилеттиги системасын өркүндөтүү жана санариптештирүү» (бардыгына сот адилеттүүлүк ) долбоорунун алкагында өттү.