Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Пробация департаментине келишти
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү Пробация департаментине келишти
Бүгүн, 2024-жылдын 18-июлунда, Япониянын Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында, Япониянын Юстиция министрлигинин укуктук маселелер боюнча илимий-изилдөө институтунун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн профессору Такахаси Казуаки жетектеген делегация Пробация департаментине келишти.
Иш сапардын алкагында Япониядан келген өкүлдөр Пробация департаментинин ишмердүүлүгү, тактап айтканда 2022-жылы ишке киргизилген «Пробация» автоматташтырылган маалыматтык системасы менен таанышты. Мындан тышкары, конокторго Пробация департаментинин мониторинг борборуна экскурсия уюштурулуп, электрондук билериктерди жана мобилдик тиркемени колдонуу менен кардарларга электрондук көзөмөл жүргүзүү системасын көрсөтүлдү. Япониядан келген өкүлдөр пробациянын шарттарынын сакталышына көзөмөл кандай жүргүзүлүп жатканын көрүп, ошондой эле пробациянын кардарлары менен иштөөдө бул технологиялардын эффективдүүлүгүнө баа берип, аларды кызыктырган суроолорду бере алышты.
Жолугушуунун соңунда Япониянын өкүлдөрү Пробация департаментинин ишмердүүлүгүн санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерди белгилешти.